Жыл башынан бери 14 миңден ашуун адам үй карантинине алынган
Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 102 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын башкы адиси Гүлназ Көчөрбаева брифинг учурунда билдирди.
"Бишкек шаарында 26-майга карата коронавирустун жана пневмониянын 102 учуру катталды. Анын ичинен 86 учуру лабораториялык жактан тастыкталып, 16 учуру пневмония экени аныкталды. Каза болгондордун саны 4. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медицина кызматкерлери үй карантинине алынган жарандардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүшүүдө.
Ушул жылдын январь айынан бери бардыгы болуп 14 миң 631 адам үй карантинине алынган, анын ичинен 11 миң 621 адам карантиндин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу байкоодон чыгарылган. 26-майга карата байкоодо 4 миң 714 адам турат. Алардын ичинен 1 миң 704 адамдан ПЦР-тестинин оң жыйынтыгы чыккан. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 25 мобилдик бригада иштеп жатат", - деп билдирди Көчөрбаева.
