super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Ак илбирсти атсаң элиңди атасың, терисин сатсаң жериңди сатасың"

 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 23-октябрдагы ак илбирсти сактоо боюнча өткөрүлүп жаткан бүткүл дүйнөлүк форумда сүйлөп: "Ак илбирсти атып, терисинен тумак, тон жасаган кыргыздарды кантип түшүнүү керек? Алар маңкурттар, эгер ак илбирсти атсаң элиңди атасың, терисин сатсаң жериңди сатасың",- деди. Тарыхтан сабак алып, жаратылышты сактап калышыбыз керектигин жана табиятка болгон мамиледен коомдук ойдун түптөлүшүн кошумчалап, бардык жандыктардын жашоого укугу бар экенин айтып өттү. "Ак илбирс байырлаган мамлекеттерде башка көйгөйлөр бар экенин билем. Бирок бүгүн жаныбарды сактап калуу үчүн тийиштүү кадамдарды жасабасак, биз табияттын баалуу белегинен айрылабыз",- деди өлкө башчы. Кыргызстанда ак илбирс Кызыл китепке киргизилгенин жана жергиликтүү элдердин, атайын адистердин жардамы менен коруктарда 20га жакын илбирс жана 2 500 жакын аркар-кулжалар каралып, көзөмөлдөнүп жатканын айтты. "Бүткүл дүйнөлүк форум бийик тоолордогу экосистемди сактоого жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Жалпыбыздын аракетибиз менен аймактык жана глобалдык масштабда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого мүмкүндүк түзө алабыз",-деди Атамбаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: