super.kg logo

Токмокто үйлөрдөн тиричилик техникаларын уурдап жүргөн шектүү кармалды

 

Чүй облусунун Токмок шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочулар арыз менен кайрылып, үйлөрүнөн тиричилик техникасын, зер буюмдарын, акча каражаттарын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткени тууралуу билдирип келишкен.

Жазылган арыздар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери колго алынган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө уурулук көбүнчө үйдө эч ким жок учурларда үйлөрдү ачып кирүү жолу менен жасалып, ноутбук, электр жабдуулары, зер буюмдар жана акча каражаттары уурдалганы такталып, жасалган кылмыштар бири-бирине окшоштуктары байкалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектелип, 1997-жылы туулган Ж.И. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан камалган жарандын Токмок шаарынын аймагында 11 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталып, мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: