super.kg logo

Бишкекте үч көчөнүн жолун оңдоо иштери башталды

 

“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Бишкекте дагы үч көчөнүн жолдорун оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирүү таратышты.

Маалыматка ылайык, тротуарларды жана ирригациялык тутумду куруу менен реконструкциялоо төмөнкү көчөлөрдө ишке ашууда:

1. Абдымомунов көчөсү - Манас кең көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин
2. Жукеев-Пудовкин көчөсү - Кулатовдон Ахунбаев көчөсүнө чейин
3. Матросов көчөсү - Ахунбаевден Медеров көчөсүнө чейин

"Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланып жаткан долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар ​​болот", - деп кошумчаланды маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: