super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "Кумтөр" боюнча токтомдогу өкмөт сунуштаган меморандумду жокко чыгарууну сунуштоодо

 

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселеси боюнча токтомго добуш берүү процесси башталар алдында турат. "Ата Журт" фракциясынын депутаттары токтомдун 1-пунктун, тактап айтканда, өкмөт сунуштаган меморандумду жокко чыгарууну талап кылышууда. Депутат Ахматбек Келдибеков "Меморандумду жокко чыгырмайынча алдыга жылбайбыз. Биз бул документти жетишсиз же толук эмес дебей, ЖКнын тийиштүү токтому аткарылган жок деп табышыбыз керек",- деди.

Муну депутат Бөдөш Мамырова колдоду. "Биз меморандумду жетишсиз деп таап, азыр добуш берсек анда өкмөт жетиштүү кылыш үчүн ушул меморандумдун негизинде сүйлөшүү жүргүзүп, ушуга окшогон дагы бир документ алып келет. Биз ушуга жол ачып жатабыз",- деди.  

 

Токтомдун биринчи пункту:  - Консультативдик кеңештин жыйналышында жана КРнын өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрдагы жыйналышында жактырылган "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун шарттары жетишсиз деп эсептелсин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: