super.kg logo

Ырчы Анжелика Кайратова автордук атырынын бет ачарын өткөрдү

 

Ырчы Анжелика Кайратова 25-майда "LIKA DE PARIS" автордук атырынын бет ачарын өткөрдү.

"Алгачкы атырды апама белек кылдым" деген ырчы тапкан кирешесинен кайрымдуулукка да каражат бөлөрүн айтты.

"Акыркы 10 жылда өзүм колдонуп жүргөн жана мага эң көп жаккан 10 атырдын жытынын аралашмасын бир флаконго бириктире алдык. Бул башка атырларга окшошпогон эксклюзивдүү атыр десем болот. Буга чейин бир нече компаниялар сиздин жүзүңүздү, атыңызды колдонуп, парфюм чыгарсак болобу деп сурап жүрүшкөн. Бирок өзүм ал нерсеге катыша албагандан кийин ал нерсени элге тартуулай алган жокмун. Атырдын бардык тиешелүү сертификаттары бар, пион гүлдөрүнүн, май айынын ак розаларынын жыты бар. Алгачкы атырды апама белек кылдым. Эксклюзивдүү атыр деп апам аяп себинип жатат. Бул атырдан киреше канчалык көп түшсө кайра эле кайрымдуулукка, жакшылыкка жумшалат. Атырдан түшкөн каражат өз өлкөбүздө эле калат", - деди Анжелика.

Кечеге бизнес өнөктөштөр, ырчынын санаалаш достору жана коңшу Казакстандан дагы коноктор келишти. Алардын бири Кызсайкал Кабылова көп таланттуу Анжеликага суктанарын айтат.

"Анжелика эжебизге суктанам, азамат, азыркы учурдун кыйын айымы десем болот. "Анжелика атыр чыгарат" деп 10 уктасам дагы түшүмө кирмек эмес. Ойго келбеген иштерди жасайт. Талыкпай дагы да эмгектене берсин. Үч кызды жалгыз багуу оңой эмес, акча табуу да оңой эмес. Өзгөчөлүк жасап, башкача жолу менен изденгени мени абдан кубандырат", - дейт ал.

Кеченин өзгөчөлүктөрүнүн бири жаңы ырдын бет ачары болду. Анда ырчы Ильяз Абдразаков менен Анжелика Кайратова жаңы дуэтин биринчи жолу аткарышты. Кымбат баалуу белектер, кызыктуу оюндарга бай болгон кеченин алкагында Анжелика келген коноктордун ар бирине баасы 1000 сом турган миниатюрка атыр белек кылды. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө чоң флакондордун 150 даанасы сатылды. 1 даана атырынын баасы 6500 сомду түздү.






Анжелика Кайратова автордук атырын презентациялады

Автор: Медина Найманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
26.05.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Анжелика.
26.05.2021. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талыкпаган аял экенсиң, так держать
26.05.2021. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ж.П. )))
26.05.2021. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким эмне десе дагы кыйынды кыйын Деш керек.Талыкпаган эмгек,тырышчактык менен озунун атын жасап журот.кыздарын эркектерден кем эмес эч нерседен кем кылбай багат,эмне деген жаман создор жазышат болбой эле,башты жерге салып олтуруп калбай эле улам Бир ишти колго алып тытынып иштеп эле келатат.молодец дегенден башка соз жок.
26.05.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Парфюм болсо эле Paris деп кошуп алыш кк экен да, бирок молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: