super.kg logo

Баткенде өспүрүм кызга үйлөнүп алган 23 жаштагы жигитке сот өкүм чыгарды

 

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда 23 жаштагы жигит өспүрүм кызга үйлөнгөн. Арадан 5 ай өткөн соң 17 жаштагы келин көз жарган. Келин көз жаргандан кийин кылмыш иши козголуп, сот өкүм чыгарган. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында айтылат.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2019-жылдын 30-июль күнү болгон. Анда Кадамжай районунун Чарбак айылында жигит таякесинин үйүнө жашы жете элек 17 жаштагы кызды келин кылып алып барган. Алар молдо чакырып, ага кыздын жашы жете электигин айтпастан нике кыйдырышкан. Аталган айылдын молдосу кыздын документтерин текшербестен нике курагы жөнүндөгү мыйзамдарды жана мусулмандардын дин башкармалыгы тарабынан чыгарылган буйруктарды бузуп, диний ырым-жырымдарды өткөрүп нике окуп, нике каттоо журналына каттатып койгон.

Натыйжада 2019-жылдын 26-декабрь күнү келин 2 килограмм 870 грамм салмактагы кыз төрөгөн. Мындан улам анын жашы жете электиги ачыкталган.

Айыпталуучу 1996-жылы Ош облусунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Учурда Баткен облусунун айылдарынын биринде жашайт.

Соттук отурумунда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган:

"Мен жубайым менен апрель айында базарда аксессуар сатып иштеп жүргөндө таанышкам. Экөөбүз сүйлөшүп бири-бирибизди жакшы көрүп калдык, кыздын макулдугу менен аны үйүмө алып келдим. Никеге туруу курагын, анын жашы жете электигин экөөбүз тең билчүбүз, бирок биздин ортобузда буга чейин жыныстык катнаш болуп кеткен. Ошол себептен мындай көрүнүш дагы да уланбасын деп анын жашын чоңойтуп молдого никебизди кыйдырдык.

Келинчегим менен чогуу жашап жүрүп мен 2019-жылдын декабрь айынын башында ата-энесинин үйүнө калтырып, Москвага иштөө үчүн кеткем. Москвага баргандан кийин 26-декабрда аялым чалып төрөгөнүн кабарлады. Ошол эле күнү мага милициядан телефон чалышып, келишимди айтышты. Ошол учурда келгенге материалдык жактан шарттар болгон жок. Бул жакка келгенге аракет кылып жатканда коронавирус оорусу күчөп карантин башталды. Ал 5 айга созулду. 2020-жылдын август айында Москва шаарында жумушка чыктым, ал жактан 3 ай иштеп анан келейин десем эмгек акым берилбей дагы калып калдым. Ошентип 2021-жылдын 17-апрель күнү Кыргыз өлкөсүнө жолго чыктым. Ош аэропортунан милиция кызматкерлери мени алып келишти. Кылган ишимди моюнга алып кечирим сурайм", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.

Сотто күбө катары баланын таякесинин жубайы көрсөтмө берген:

"Бала биздин тууганыбыз, ошол күнү түштөрдө бир кызды ээрчитип келип, биз үйлөнөбүз келин алып келдим деди. Аларды үйгө киргизип чайымды койдум, кийин молдо келип никелерин кыйган ошого күбө болгом. Келиндин жашы жете электигин билген эмесмин, аны мен соттон билдим", - деген ал.

Сотто өспүрүм кыз көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал эми молдо кыздын жашын сураганда 18ге чыккам деп айтканын көрсөтүп, төмөнкүлөрдү билдирген.

"Мага айылдашыбыз келип тууганым турмуш куруп жатат нике кыйып бериңиз деп суранды. Мен жол-жоболордун бардыгын тактап сураганда, баары жайында деп билдиришкен. Анан кыздын апасы менен телефон аркылуу сүйлөшсөм апасы макулдугубузду бергенбиз, атасы талаада келе албайт деп билдирди. Никеге жарактуубу деп сурадым, апасы мен толугу менен жооп берем деди. Баланын паспортун көрдүм, келиндин паспортун сурасам жигити бул карып калган,18ден ашкан деп айтты. Кыздын өзүнөн сурасам 18 жашка толгом деди, анан никелерин кыйып бердим", - деген молдо.

Өкүм:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. Ага карата мунапыс колдонулуп, жазадан бошотулган. Жашаган жеринен эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрү тандалып, мамлекеттин пайдасына 2 жарым миң сом төлөө милдеттендирилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
26.05.2021. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыйнабай эле койбопсунарда байкушту жудотпой.
26.05.2021. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Карантин болду анан анан ээ уже карантиндин бутконуно 1 жылдан ашты катуу ниетин болгондо карантинден алдың кетмексин. Эркектердин жоопкерчилиги такыр жок. Эркек болулачы айланайындар. Напсинерди тыйып жашы жеткенден кийин алсан болотго.
26.05.2021. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нике кыйып алыптыр балалуу болуптур ,эми бир үй бүлөөнү бузуп соттойсуңарбы.Канчалаган ымыркай кыздар кордолуп атат ,ошого карап иштебейсиңерби.Төрөп таштап жатышат ,никеси жок .Жашы жетелек кыздар бузулуп жатат караган адам жок .Андан көрө никеси барларды жөн койгула.
Mylatka.. түзөттү 2021-05-26 23:11:54
27.05.2021. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага соттун чечими жакты. Бир кыйла женил болуптур, аларды жудотбой. Буларда биир жаштык кылышкан экенда...
27.05.2021. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы чечим. 17 жаш болсо деле жакшына эле үйлөнүп жашап жатышкан турбайбы. Аны эмне козгойсунар 15 ,16 жаштагы секелек кыздар Кулиева да денесин сатып жүрүшөт аларды эмнеге соттобойсунар
27.05.2021. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеңил жаза бериптир жакшы жаш үй-бүлөнү кыйнабай.
27.05.2021. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай,тообоо... Эмнеге кечирим сурайт,Бузуп,бойюндагысы менен таштап качпаптыр го за то.Туура,жашы жете элек үйлөнүптүр,жөн эле арам зына кылып жүргөндөн көрө жакшы да,уже кыздуу болуптур.Аялын өлтүрө сабагандарды үй-бүлөлүүсүңөр деп жыла качкан милиция кызматкерлери Россиядан келген адамды аэропорттон күтүп алыптырбы,притом бир жакшына эле жашаган үй-бүлөгө тийишип.... Таза эле семейныйсыңар деп милиция канага жолоочу эмес беле?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: