Өлкөдө бир суткада 6 миңге чукул адам COVID-19'га каршы эмдөө алды

Министрликтин берген маалыматына ылайык, эмдөөдөн өткөн 5 миң 438 адамдын ичинен 2 миң 749у вакцинанын II дозасы менен эмделди.
Республика боюнча жалпы 77 миң 438 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 27 миң 602 вакцинанын II дозасын дагы алышты.
- Бишкек шаары — 19 миң 990;
- Ош шаары — 5 миң 810;
- Чүй облусу — 12 миң 329;
- Ош облусу — 11 миң 76;
- Талас облусу — 7 миң 633;
- Ысык-Көл облусу — 7 миң 618;
- Нарын облусу — 3 миң 246;
- Жалал-Абад облусу — 10 миң 106;
- Баткен облусу — 3 миң 270.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.