Жети-Өгүз: Саруу айылынын тургундары талаптары менен президентке кайрылышат
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары жөө жүрүш менен Кызыл-Суу айылындагы райондук администрациянын имаратына келишти. Бул тууралуу 23-октябрда аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков билдирди. Анын айтымында учурда Саруу айылында 400-500го чукул адам топтолуп турат. Тургундар тынчтык митингин улантып, негизги коюп жаткан талаптарын өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жолдоп, кайрылышарын айтып жатышат. Анда 7-октябрда Караколдогу башаламандыкты уюштурду деп кармалган балдарды бошотуу жана Кумтөр келишимин жокко чыгаруу айтылат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы, Жанат Туратбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

