super.kg logo

Жалал-Абадда 9 өспүрүм кыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алып, из жашырып жүргөн шектүү кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өспүрүм кыздардын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор-Ата шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 19-май күнү болжол менен саат 13:00 чамасында 11 жаштагы кызы мектептен үйүнө бараткан учурда белгисиз жаран алдоо жолу менен кулагындагы 12 миң сомдук сөйкөсүн чечип кеткендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, мурда бир нече жолу соттолгон Базар-Коргон районунун 1981-жылы туулган тургуну кармалган.

Шектүүнүн башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган. Анын ичинде Ноокен районунун аймагында 4, Сузакта 2, Өзгөн районунда 2 өспүрүм кыздын алтын сөйкөлөрүн чечип алып, изин жашырып жүргөнү такталган.

25-май күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
27.05.2021. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бетин эмне жашырышат уурунун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: