super.kg logo

Тихановская Беларуста жаңы нааразычылык акцияларын даярдап жаткандыгын жарыялады

 

Беларуста нааразычылыктардын жаңы толкуну даярдалып жатат. Бул тууралуу Беларустун мурдагы президенттикке талапкери Светлана Тихановскаяга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз нааразычылык акциясынын жаңы жигердүү этабына даярдана баштадык" деген ал YouTube каналына жарыяланган видео кайрылуусунда.

Тихановская өлкөнүн жарандары үчүн “саясий туткундарды” бошотуу жана “зомбулукту токтотуу” үчүн колдон келгендин бардыгын жасоо маанилүү экендигин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын август айында Беларустагы өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланган. Анда учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко жеңип чыгып, анын атаандашы Светлана Тихановская экинчи сапка чыккан.

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тарап нааразычылык акциясын уюштуруп, эл менен полициянын ортосунда кагылышуу орун алган. Акция учурунда адам өмүрү кыйылып, үч миңдей адам кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: