super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Коронавирустун индиялык штаммы дүйнөнүн 53 өлкөсүндө катталды"

 

Коронавирустун индиялык штаммы дүйнөнүн 53 өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ар апта берилүүчү отчётто билдиргендигин чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекциянын индиялык штаммы дүйнө жүзүндөгү 53 өлкөдө катталган. Ошондой эле болжол менен дагы 7 өлкөдө индиялык штаммдын белгилери байкалган учурлар кездешүүдө. Алар Австралия, Кытай, Жаңы Зеландия, Филиппин, Түштүк Корея жана Франциянын Реюньон аймагында.

Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, акыркы апта ичинде индиялык штамм Алжир, Бразилия, Гана, Финляндия, Кюрасао, Кенияда катталган.

Белгилүү болгондой, Индия өлкөсү коронавирустун индиялык штаммын ушул жылдын март айында аныкталганын кабарлашкан. Коронавирустун бул түрү эки эсе мутацияга ээ жана кооптуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: