super.kg logo

Окумуштуулар адамдын өмүрүнүн узактыгынын максималдуу өлчөмүн айтышты

 

Окумуштуулар адамдын өмүрүнүн узактыгынын максималдуу өлчөмү 120-150 жыл деп белгилешти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышат.

Бул куракта адамдын денесинин туруктуулуугу толугу менен жоголуп, анын функционалдуулугун жокко чыгарат. Окумуштуулар мындай жыйынтыкка "дененин абалынын динамикалык көрсөткүчү" (DOSI) аттуу жаңы көрсөткүчтү колдонуу менен келишкен.

Бул көрсөткүч адамдын жаш курагы, оорусу жана жашоо образы менен байланыштуу түзүлгөн. Изилдөөдө окумуштуулар миң адамдын банкага сакталган кандын үлгүлөрүн колдонушкан. Натыйжада "дененин абалынын динамикалык көрсөткүчү" (DOSI) канчалык пассивдүү болсо, адамдын организми ошончолук алсыз болуп, ооруларга туруштугу начар болгон. Ошондой эле дененин картаюусу да тездеген.

Окумуштуулар 150 жаш адам баласы үчүн жеткен чектеги курак деген жыйынтыкка келишкен. Бул курактан жогору жашка чыгуу азырынча биологиялык жактан да, илимий жактан да мүмкүн эместигин көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: