АКШда ок атышуу орун алып, сегиз адам көз жумду
АКШнын Калифорния штатына караштуу Сан-Хосе шаарындагы темир жол депосунун аймагында ок атышуу орун алды. Анын кесепетинен 8 адам каза болуп, бир канча жаран жаракат алгандыгы чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылууда.
Андагы маалыматка таяна турган болсок, ок чыгарган адам Санта-Клара аймагынын Транспорт башкармалыгынын мурдагы кызматкери болгон. Ал кылмыш жасардын алдында өзү жашаган үйүнө өрт коюп кеткен. Маалыматта ал дагы каза болгондугу айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.