Дүйнөнүн эң бай адамы аталган Жефф Безос кызматтан кетет
"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээлеген кызмат ордунан кетет. Бул тууралуу дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарында жазылды.
Андагы маалыматка караганда, дүйнөдөгү эң бай адам аталган Жефф Безос ушул жылдын 5-июлунан тарта "Amazon" компаниясынын башкы директору кызмат ордун тапшырып берет. Анын айтымында, бул дата ал үчүн өтө маанилүү. Себеби дал ушул датада, мындан туура 27 жыл мурун "Amazon" компаниясы негизделген.
Анын ордун "Web Services" бөлүмүнүн башчысы Энди Жесси ээлей тургандыгы айтылууда. Ал эми Жефф Безос компаниянын башкармалыгынын жооптуу төрагасы кызматын аркалайт. Ошондой эле кайрымдуулук иштерине, ар кыл долбоорлор менен иштөөгө көбүрөөк убакыт бөлөрү айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
Рейтинг:
6

Комментарийлер(1)
Agayu

27.05.2021. 03:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец чыныгы инсан деп ушуларды айтса болот .Акылы , билими , өңү , түсү , адамдык касиети баарына төп келет.Дүйнөнүн эң байы болсо да ынсап бар .Биздечи нөл.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.