super.kg logo

Брэд Питт менен Анжелина Жоли чогуу балдарын камкордукка алууга макулдашты

 

Америкалык актёр Брэд Питт мурунку жубайы, актриса Анжелина Жолиден балдарды биргелешип камкордукка алууга макулдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул чечим алдын-ала сот тарабынан кабыл алынгандыгы такталган жана Жоли дагы деле болсо өзүнүн позициясын коргоону улантууда. Анткени мурунку жубайлардын ортосундагы сот беш жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жатат.

Брэд Питт менен Анжелина Жоли 12 жылдык мамилелеринен кийин 2016-жылы ажырашуу тууралуу арыз жазышкан. Жубайлардын алты баласы бар - 19 жаштагы Мэддокс, 16 жаштагы Пакс, 15 жаштагы Захара, 14 жаштагы Шайло жана 12 жаштагы эгиздер Вивьен жана Нокс.

2019-жылы май айында актёрлор алты баланы тарбиялоо үчүн ажырашкандан кийин достук мамилелерди сактоону чечишкендиги маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: