Зинедин Зидан "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучулук кызматынан кетиши мүмкүн
Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан клубдан кетүүгө камынууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин "Ювентустун" мурдагы башкы машыктыруучусу Массимилиано Аллегри "Реал Мадрид" клубунда Зиданды алмаштырышы мүмкүн деген маалымат болгон. 2018-жылы Зидан катарынан үчүнчү жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алып, "Реалдан" кеткенде падышалык клуб Аллегри менен байланышкан. Бирок адис "Ювентус" клубу менен келишим түзүп кеткен.
"Реал Мадрид" Испания чемпиондугун 84 упайы менен экинчи орунда жыйынтыктады. Клуб быйылкы сезондо Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жетип, анда лондондук "Челси" клубуна утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.