Айзада Канатбекованы ала качууга айыпталган баланын эжеси: "18 жаштагы инимди ала качууга мажбурлашкан"
Бүгүн, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча биринчи соттук отурум болуп өттү.
Анда 5 айыпталуучунун иши каралып жатат. Алар: Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен деп шектелишүүдө.
Ал эми ишти судья Салтанат Эсенкулова карап жатат.
Судья айыпталуучуларды өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу сот залына алып келе албай турганын, алар сотко СИЗО-1ден онлайн катыша турганын айтты.
Ал эми бүгүнкү соттук отурум айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу 11-июнга жылдырылды.
Айыпталып жаткан Сыймык Молдосариевдин эжеси бул окуяга ал капыстан катышып калды дейт.
"Мен Молдосариев Сыймыктын эжеси болом. Иним 18 эле жашта. Ал Нарын облусунан болот. Ал ошол окуя болор түнү Нарындан Бишкекке автобус менен келген. Аны вокзалдан айыпталып жаткан 4 бала кармап алып, акчасын алып, телефонун ломбардга коюп, өзүн окуя болгон жерге ээрчитип барган. Анан ары ошол балдардын башкаруусунда жүрө берген. Андан кийин аны кыз ала качууга мажбурлашкан.
Иним кызды ала качкан видеодо жүрөт. Ал эшиктерди ачып берген. Ал нес абалда жүрө берген. Биздин бала тигил айыпталып жаткандарды тааныбайт. Алар кызды ала качкандан кийин вокзалдан кайра аны таштап коюшкан. Андан кийин ал кайра Нарынга келе берген. Милиция кызматкерлери инимди он күндөн кийин кармап кетишти. Айзаданын апасынан кечирим сурайбыз. Ал студент, экзамендери башталды.
Бул 4 бала инимдин телефонун ломбардга алып барганда коду бар экен деп албай коюшуптур. Иним аны сатып башка телефон алмак экен.
Үйдө апам, байкем 2-чи топтогу майып. Иниме дагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында акыл-эсинде маселе бар деп чыгарышты", - деди айыпталуучунун эжеси.










1 |