Эркин Алымбеков, депутат: «Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча кыргыздын кызыкчылыгын коргоонун ордуна кайырчыдай болуп Ян Аткинсондун артынан чуркап жүрөт”
Парламентте бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйын берген депутат Эркин Алымбеков “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандум элди алдоо”,- деди. Депутаттын айтымында, бул документте канадалык тараптын буга чейинки мыйзамсыз аракеттерин калкалоо жолу мурдагыдай бойдон калууда. “Премьер-министрге кызымат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча сунуш келтирдим. Башкы прокуратура бул боюнча жакында расмий жооп билдирет. Акыл-эси жетпеген адам премьер-министр болууга макул болбошу керек. Өкмөт башчы кыргыздын кызыкчылыгын коргогондун ордуна кайырчыдай болуп Ян Аткинсондун (“Центерра” компаниясынын президенти) артынан чуркап жүрөт”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















