super.kg logo

"Байлыгы 50 миллион доллар". УКМК Азиз Суракматов эмнеге кармалганын билдирди

 

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгендиги боюнча коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

"Такталгандай, Суракматов мэр болуп турган учурда кызмат абалынан пайдаланып, муниципалитеттин айрым адамдары менен биргеликте коррупциялык иштерди жасап, ири курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө соода имараттарын жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин берген.

Мындан улам Суракматов жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, байлыгы болжол менен 50 миллион долларга жеткен", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Кечээ, 26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Суракматов 2018-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
27.05.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соо адам жок экенда,Кырзыстанда окунучтуу
27.05.2021. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жок дегенде 1млн берип койсо болмок пандемияда Баткенге жардам катары
27.05.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Курбан раазы болсун эми кусат экенда
27.05.2021. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Фудболдук аянтча бербей койду эле кичине болсода актап кетмек
27.05.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки жылда 50млн доллар.Көп жылдан бери иштегендерде 50млрд доллар бар экен да анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: