super.kg logo

Улукбек Марипов Минск шаарына барып Александр Лукашенко менен жолугат

 

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүүчү көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары жана делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулайт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азербайжан Республикасынын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко кабыл алат.

Кыргыз делегациясынын курамына төмөндөгүлөр кирген:

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков,

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси,

Кыргыз Республикасынын КМШ уставдык жана башка органдардагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов,

Ички иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев,

КМШ Экономикалык кеңешиндеги экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова,

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
27.05.2021. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Курманбек Бакиевге да жолугуп келсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: