super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рыскелди Момбеков: "Комик министр кетсин"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ден соолугу текшерилиши керек экендигин Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

зыркы саламаттыкты сактоо министринин ден соолугун текшере турган мезгил болду го. Уу коргошун менен ушунчалык Кыргыз өлкөсүн дүйнө жүзүнө уят кылды. Эми болсо Москвага барып келген президентибизди орус президенти менен уу коргошун тууралуу сүйлөштү деп карандай калпты айтты. Дагы жакшы президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты апыртма экенин айтып чыкты. Болбосо Москвага барып уу коргошун тууралуу кеп кылды деп президентти дагы уят кылмак экенбиз.

Саламаттыкты сактоо министри боюнча 84 депутат кызматтан кетсин деп токтом чыгарган. Импичмент жарыялап 84 депутат менен президентти кетирсе болот го. Эмне үчүн биз министрди кетире албайбыз? Баарыбыздын медицина тармагында иштеген тууган-туушкандарыбыз, жоро-жолдошторубуз бар. Алардын баары ушул Covid кетпесе дагы, комик кетсе болот эле деп айтып жатышат. Ушуга чейин жетпедиби", - деди Момбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: