super.kg logo

Каш-кабактын ортосундагы кырсык. Балыкчыда жаран жүк жүктөөчү техниканын дөңгөлөгүнө тебеленип каза болду

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 52 жаштагы тургун жүк жүктөөчү техниканы от алдырам деп дөңгөлөккө тебеленип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-майда Балыкчы ШИИБине "Тез жардам" бөлүмүнөн 1969-жылы туулган жергиликтүү тургун бетон заводунда жүк жүктөөчү техника менен иштеп жатып дөңгөлөктүн алдында калып "Тез жардам" келгенче каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке тергөө тобу барып маалыматты тактаганда, бетон чыгаруучу заводдо жүк жүктөөчү техника менен иштеген К.А. аттуу жаран техниканы от алдырам деп дөңгөлөккө чыгып тросту тарткан учурда техниканын астына кулап кеткен. Техника жылып аны тебелеп кетип окуя болгон жерден каза тапкан", - деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: