super.kg logo

Суусамырдагы 5 адам көз жумган жол кырсыгы: 3 жарандын капчыгынан ар кандай суммадагы акчалар табылды

 

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө үрөй учурган жол кырсыгындагы жүк ташыган унаанын айдоочусу Жайыл райондук ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк ташыган унааны 22 жаштагы айдоочу айдап келе жаткан. Учурда ал ооруканада.

"26-май күнү саат 07:10 чамасында Жайыл РИИБине жол кырсыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Маркумдар Кадамжай районунун тургундары болушат. Каза болгондордун ичинен 3 адамдан ар кандай суммадагы акчалар табылган. 1963-жылы туулган жарандан 17 миң сом, унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Ж.А.дан 13 миң 200 сом. Ал эми дагы бир 1963-жылы туулган жарандын баштыгынан 594 миң сом табылган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ал эми айрым жергиликтүү маалымат булактарынын 840 миң сом табылды деген маалыматы чындыкка дал келбейт", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Буга чейин Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жүк ташуучу унаа менен Тойота Камри унаасы сүзүшүп, 5 адам каза болгон. Каза болгондордун арасында 10-12 жаштагы бала бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.05.2021. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакындарына Аллах сабыр берсин
27.05.2021. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акчаларына тийбегиле бүлүңгөндөн бүлдүргү албайт . Кыргызда ушундай сөз бар.
27.05.2021. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир баланын аялы биздин аяш кызыбыз болот.дубаа кылыныздар сураныч,Равшан тируу.жалган маалымат таратпагыла,врачтар менен тыгыз байланыштабыз деп жазып жатат ко сторисине.
27.05.2021. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatu_8889,сторисине деген эмне?
28.05.2021. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечээ эле 3 барсетка акча табылды бирөөсүнөн эле 840 000 акча санадык калган 2 барсетканы тергөөчүлөр алып кетишти деп күбөлөр айтып атышпады беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: