super.kg logo

"Бардык маселелер мектептин пайдасына чечилет". Билим берүү министри Бишкекте мектеп директорлору менен жолукту

 

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Бишкек шаарынын райондук билим берүү борборлорунун жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде баш калаадагы мектептерде окуу процессин уюштуруу, анын ичинде окуучулардын окууга кызыгуусун арттыруу, мугалимдерди аттестациялоо, жалпы билим берүү уюмдары үчүн орус тилинде окуткан мугалимдерди даярдоо маселелери талкууланды.

Мектептерде маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын техникалык жактан колдоону уюштуруу үчүн "Жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына" өзүнчө системалык администратор кызмат ордун киргизүү, Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук журналдарын жүргүзүү, сактоо жана архивге өткөрүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу сунушталды.

Министр бардык сунуштар көңүл сыртында калбай тургандыгын, бардык маселелер мектептин пайдасына чечилерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: