super.kg logo

Таш-Көмүр шаарында темир түтүктөрдү казып сатып жатканга шектүү кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында темир түтүктөрдү казып, сатып салганга шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын апрель айынын аягында Таш-Көмүр ШИИБине Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жетекчилиги кайрылган. Анда шаардагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адамдар тарабынан жерде көмүлүп турган темир түтүктөрдү уруксатсыз казып жатышкандыгы боюнча маалымат берилген. Аталган маалымат боюнча шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, далил буюм катары болжол менен 70 метр темир түтүктөр унаа менен кошо алынган.

Бул факты маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар чогултулган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө түтүктөрдүн ээси жергиликтүү ЖЧКга тиешелүү экендигин тастыктаган. Жеке уюмдун аткаруучу жетекчилиги окуя боюнча келтирилген зыянды толуктап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, милицияга арыз менен кайрылган.

Жогорудагы уурулук фактысынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын 1961-жылы туулган Б.С. аттуу тургуну кармалган. Шектүү жерде көмүлүп турган темир түтүктөрдү меники деп сатып жаткан. Ал 25-май күнү ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары дагы ушул сыяктуу уурулук фактыларга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Алынган маалымат боюнча, бул жаран өзүн “Элдик таза муун” укук коргоо кыймылынын Таш-Көмүр шаары боюнча координаторумун деп атап жүргөндүгү белгилүү болгон. Кармалган жаран мурда дагы кылмыш иштерге шектелген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: