Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигине жаңы директор дайындалды
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп Динара Молдошева дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Молдошева Динара Автандиловна министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

