super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Баткендеги "Орто-Боз" чек ара тозотуна барды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда Баткен облусунун Баткен районундагы "Орто-Боз" чек ара тозотуна барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысы аскердик кызматтын шарттары жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушу менен таанышты. Чек арачылар менен баарлашып, аларды түйшөлткөн көйгөйлөрүн сурады.

Андан соң Садыр Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү Самаркандек - Мадиген - Даркум унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Самаркандек - Мадиген - Даркум унаа жолунун жалпы узундугу 44,1 чакырымды түзөт, V-техникалык категориясындагы шагыл жол куруу пландаштырылууда.

Бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарынын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен баруусун камсыз кылат. Самаркандек - Мадиген - Даркум унаа жолунун курулушу чек араны бекемдөө жана өлкөнүн транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтө маанилүү долбоор болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан бул стратегиялык тилкеге жол салуу өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшү менен туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору болгон ички жолдорду куруунун зарылдыгына токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: