Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап Масалиев шайланды
Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап Масалиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, Аалымдар кеңешинин 17-протоколдук жыйынында Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, кеңештин мүчөлөрү тарабынан канааттандырылды.
"Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Абдиманап Масалиев Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми өлкөдө муфтийди шайлоо 26-июнга белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:25
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.