Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы: Шаардык кеңешке шайлоодо үгүт иштерине 20 күн берилет
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо дайындалгандыгына байланыштуу үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылат. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул шайлоо кайра кайталанып боло тургандыгына байланыштуу мыйзамда жазылгандай үгүт иштеринин мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылып мурда үгүт иштерине 30 күн берилсе, азыр 20 күн берилет", - деди Маматов.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

