super.kg logo

«Манас» жана «Ош» аэропортторунун авиакаттамдарынын онлайн-жүгүртмөсү Mega24 тиркемесинде

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана коноктордун ыңгайы үчүн, ошондой эле аларды кабардар кылып туруу максатында «Альфа Телеком» ЖАКсы (соода маркасы MegaCom) жана «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКсы биргеликте MEGA24 тиркемесинде (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү) «Авиакаттамдар таблосу» сервисин ишке киргизди.


Эми Mega24 тиркемесинин колдонуучулары, ошондой эле Кыргызстандагы башка уюлдук операторлордун абоненттери дагы «МегаПортал» бөлүмүнөн эл аралык «Манас» жана «Ош» аэропортторунун авиакаттамдарынын онлайн-жүгүртмөсүн карай алышат.

Кызыктырган каттам боюнча зарыл болгон бардык маалыматтар каалаган учурда жеткиликтүү: тиркемеден сиз учактардын учуу жана конуу убактылары, багыттар, авиакомпаниялардын аталыштары, каттамдардын статустары (каттоодо, учуп кетти/конду, каттам токтотулду, отургузуу ж.б.) менен тааныша аласыз.
Сервистин кызматынан пайдалануу колдонуучулардын санарип технологияларды колдонуу тажрыйбасын кеңейтсе, «Альфа Телеком» ЖАКсы жана «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКсы компанияларына өлкө ичинде жана өлкөдөн тышкары аба транспорту аркылуу саякаттоону каалаган мекендештерибиз үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө, ошондой эле сапаттуу онлайн-кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Авиакаттамдардын таблосу» сервиси ыңгайлуу интерфейс менен иштелип чыгып, кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Сервисти колдонууда MegaCom'дун абоненттери үчүн интернет-трафик тарификацияланбайт.

Бул сервис «Альфа Телеком» ЖАКсы жана «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААКсы экөөнүн ортосунда кол коюлган өнөктөштүк жөнүндөгү Меморандумдун алкагындагы алгачкы долбоор болуп саналат. Документке авиабайланыш тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана аларды КРнын жарандары менен коноктору пайдалануусу үчүн жөнөкөйлөштүрүү максатында кол коюлган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: