super.kg logo

“Абдыш-Ата” компаниясы “Сочидеги сыра деңизи” эл аралык фестивалына катышты

 

Кыргыз рыногундагы алкоголу аз жана алкоголсуз суусундуктардын ата мекендик өндүрүүчүсү “Абдыш-Ата” улуттук компаниясы Орусиянын ири курорттук шаары болгон Сочиде 2021-жылдын 18-21-май күндөрү өткөн “Пиво” эл аралык форумунун 30 жылдык юбилейине катышты.

“Сочидеги сыра деңизи” эл аралык көргөзмөсү – Орусиядагы сыра индустриясынын эң ири адистештирилген көргөзмө иш-чарасы жана Орусиянын, КМШнын, Европанын, Азиянын жана Американын сыра өндүрүүчү өнөр жайларынын 170ке жакын алдыңкы өкүлдөрүнүн жолугушчу орду. Форумдун алкагында көбүктүү жана алкоголсуз суусундуктар, сырьё жана жабдуулар боюнча эл аралык профессионалдуу конкурс уюштурулду, сыйлыкка болсо Россиядагы эң объективдүү жана кадыр-барктуу деп бааланган сыйлыктар коюлду жана тапшырылды.

Бул жылы конкурска 50дөн ашык ири завод жана 200дөн ашуун белгилүү көбүктүү суусундуктардын соода маркасы катышты.

Эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу продукцияны өндүргөндүгү үчүн, ошондой эле тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугу үчүн “Абдыш-Ата” улуттук компаниясы төмөнкү бренддер үчүн 4 алтын медаль менен сыйланды:

“Живое” соода маркасы

“Urban 312” соода маркасы

“Orion Ultra” соода маркасы

“Nitro” соода маркасы

Биздин мамлекетте “Абдыш-Ата” сыяктуу өз керектөөчүлөрүнө кам көргөн жана бардык эл аралык стандарттарга жооп берген өндүрүштүн табигый жана сапаттуу болушуна басым жасаган компаниянын бар экендигине сыймыктанабыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: