super.kg logo

Көз мончок, шоколад... Дүйнө жүзүндөгү эң көп сатылган сувенирлер

 
АКШда эң баалуу белектердин сап башында дүйнөгө белгилүү кофелер турат. Айрыкча Ямайкада “дүйнөнүн эң мыктысы” катары саналган "Blue Mountain" кофеси биринчи орунда турат.
АКШга келгендер көбүнчө өз өлкөлөрүнө кайтып жатып, Американын таттууларын алып кетүүнү туура көрүшөт.
Болжолдоого мүмкүн болбогон аба ырайы менен белгилүү Улуу Британияда эң белгилүү белек катары кол чатырлар эсептелет.
Германиядагы эң популярдуу белек катары сыраны эсептешет.
Хорватияда жыпар жыттуу лаванда гүлү өтүмдүү.
Йеменга баргандар сувенир катары канжарды тандап алышат.
Корея чайы дагы Түштүк Кореянын эң популярдуу белеги.
Азия өлкөлөрүнөн сатып алынган сувенирлер, ар бир өлкөнүн түрдүү маданиятын чагылдырып турат. Оригами кагазы, салттуу оригами өнөрүн жараткан Япониядан алынган эң маанилүү белектердин бири.
Италияга баргандардын эң жакшы көргөн белеги - бул бет кап.
Ал эми Түркияга эс алууга баргандар белек катары эң көп көз мончок сатып алышат.
Шри-Ланкада эң көп сатылган сувенирлер оюлуп жасалган бет каптар.
Бельгия, Франция жана Ирландияга саякатка баргандар эң көп шоколад сатып алышат.
Каллиграфия топтомдору Кытайдан алынган эң көрүнүктүү белектердин бири.
Канадага келгендердин сүйүктүү белеги таң калычтуу эмес. Ал жалбырактары Канаданын желегине түшүрүлгөн чынар сиробу.
Иранда килемдерге артыкчылык берилет.
Зергер буюмдар көбүнчө Латвия, Литва жана Польшадан сатып алынат.

Адамдар чет өлкөгө чыкканда барган жерин эске салып туруу үчүн сувенир сатып алышат. Француз саякат жана туризм оператору Club Med дүйнө жүзү боюнча кайсы белектер көбүрөөк тандалгандыгын иликтеп чыккан. Анда кол чатырдан шоколадга, чайдан бет каптарга чейин бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.05.2021. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал эми кыргыз элинде а дегенде калпак менен жоолукту жаап жонотмой салты бар деп кошуп кетпепсинер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: