super.kg logo

Эмгек акыга байланыштуу. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго карата кылмыш иши козголду

 

Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

"Башкы прокуратура Бишкек шаардык мэриясын жана шаардык кеңешин текшерүүдө, Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, эмгек акыларына үстөк акылар негизсиз кошулган. Анын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 миң сом жана 150 миң сомго көбөйтүлүп, натыйжада шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына сарпталуучу бюджеттик каражаттар мыйзамсыз сарпталган. 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 миллион 581 миң 700 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн зыян Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун жана башка жооптуу кызмат адамдарынын кыймыл-аракеттеринен улам келип чыккандыктан, аталган факты боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси ("кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: