super.kg logo

70 окуучу сыйланды. Нарында "Китеп-Той" аталышындагы иш-чара болуп өттү

 

Нарын облусунда "Китеп-Той" аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Айгерим Нурболотова билдирди.

Анын айтымына караганда, өлкө аймагында "Китеп-Той" 7-ирет Нарын облусунда өтүп жатат.

"Нарын шаарынын чок ортосунда жайгашкан тойканалардын бирине 500 эл келип иш-чарага катышып, ыраазы болуп кайтты. Көңүл, көөдөн, ашказан, "баш казан", айтор, баары толду.

Ошондой эле Нарын облусу боюнча:
1."Эмне үчүн китеп окушубуз керек?"
2. "Биз эмнеге муктажбыз?"
3. "Болор бала" ушул үч китептин негизинде өткөн китеп окуу сынагына катышкан 3000 окуучунун ичинен суурулуп чыгып, орунга илинген 70 окуучуну сыйлоо аземи орун алды.

Бул "Китеп-Той", бул аракеттин баары дал ушул өлкөбүздүн жаркын келечек ээлери үчүн уюштурулду", - деп билдирди Айгерим Нурболот кызы.

Эске сала кетсек, "Китеп той" иш-чарасы буга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: