super.kg logo

Япониянын бир катар шаарларында карантиндик чектөөлөр кайрадан узартылды

 

Япония өкмөтү коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик өзгөчө кырдаал режимин 20-июнга чейин узартат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн экономиканы калыбына келтирүү министри Ясутоси Нисимурага шилтеме берүү менен чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

"Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, бирок вирустун жаңы учурлары катталып жатат. Мындан улам карантиндик чектөөлөрдү 20-июнга чейин узартуу чечими кабыл алынды. Чектөө чаралары узартылган аймактар Токио, Осака, Киото, Хёго, Фукуока, Айти, Хиросима, Окаяма жана Хоккайдо шаарлары.

Жарандарды муктаждык болбосо үйдөн чыкпоого, ал эми мекеме, ишканаларды аралыктан иштөөгө өтүүсүн суранабыз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: