super.kg logo

Индияда жашыруун баш кошкон түгөйлөрдүн никеси мыйзамсыз деп табылды

 

Индиянын Мадхья-Прадеш штатында жашыруун түрдө баш кошкон түгөйлөрдүн никеси мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазышат.

Андагы маалыматка ылайык, Индия парламенти коронавирус инфекциясы күч алып жаткандыктан баш кошууга тыюу салган. Бирок бул чектөөгө карабастан, бир канча түгөйлөр жашыруун түрдө баш кошушкан. Мындан улам өкмөт мыйзамга баш ийбей, жашыруун үй-бүлө куруп жаткан түгөйлөрдүн никесин мыйзамсыз деп табуу чечимин кабыл алган. Бул мыйзам долбоору өлкөдө күн сайын күч алып, тездик менен жайылып жаткан коронавирус пандемиясынан улам киргизилген.

"2020-жылдан бери жашы жете элек кыздардын турмуш курган учурлары өтө көп катталып жатат. Өлкөдө пандемия шартында социалдык-экономикалык кырдаал начарлап кеткендиктен, ата-энелер кызын күйөөгө узатып, кызга келген калың менен күн көрүп жаткан үй-бүлөлөр көп катталган", - деген Удджайн шаарынын башчысы Ашиш Сингх.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
29.05.2021. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шүгүр кылалы, тооба кылалы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: