Жалал-Абадда өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн алдын алуу иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун аймагында өспүрүмдөрдүн сууга чөгүүлөрүн болтурбоо максатында милиция тарабынан бир топ профилактикалык иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери сууга түшүүгө кооптуу участокторго эскертүү тактайчаларын орнотууда.
Сууга түшүп жаткан өспүрүмдөргө жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аптаптуу күндөрү сууга түшүүдө этият болууга чакырышып, суу боюнда түртүшүп ойнобоо керектигин эскертишти.
Ошондой эле ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алууга чакырышты. Чоңдордун коштоосу жок өспүрүмдөрдү сууга түшүрбөөгө, кооптуу деп эсептелинген көлмөлөргө, каналдарга барбоого үндөштү.
