super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Марипов катышкан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин отурумунда бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

 

Улукбек Марипов катышкан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча, бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

КМШ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планы жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймактарын Санитардык жактан коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкын жумуштуулук менен камсыздоого көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

- Туура эмес товардык белгилердин жана географиялык көрсөткүчтөрдүн колдонулушун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

- КМШга мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын 2030-жылга чейинки мезгилдеги кызматташтыгынын концепциясы жана аны ишке ашыруунун негизги иш-чаралар планы жөнүндө;

- КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки шарп оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын топтому жөнүндө;

- Шериктештикке мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө;

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму жөнүндө.

- Кадрдык дайындоолор жөнүндө.

Белгилей кетсек, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Беларусь Республикасынын Минск шаарында өттү.

КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: