super.kg logo

Карыяны коркутуп, өлтүрүп коёбуз деген окуя. Аксакалдын карындашы видеону көрүп, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты

 

Буга чейин аксакалды унаага салып алып коркутуп жаткан жарандардын видеосу интернетке тараган. SUPER.KG порталына аталган карыянын бир тууганы Айнура Мамытова байланышып, видеону көрүп, кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты.

Ал видеону тарткан балдардын мындай кылыгы акылга сыйбас экенин билдирди.

"Бул аксакал киши менин бир тууган агам болот. Жашы 67де. Кичине кезинен бери экинчи топтогу майып. Кочкордун Жаңы-Жол айылында жашайт. Агамдын үй-бүлөсү жок. Бирок анын эч кимге зыяны жок болчу. Аны райондо баары тааныйт.

Окуя качан болгонун билбейбиз. Видеону биз эртең менен көрдүк. Агамды жолдо өткөн таксисттер салып алып жүрө берет. Анткени ал көп басат ары-бери. Бул видеону тарткандар тамаша кылышкан деп айтып жатышат. Адамды дагы ушунча тамашалайбы? Көрүп алып кан басымым көтөрүлдү. Ушу кантип болсун?

Бүгүн ал балдар кармалыптыр. Милициядан телефон чалып, агаң аялдарга уят жерин көрсөткөндөн алар балдарга коркутуп кой дегенинен улам ушул видео тартылган деп айтышты. Менин бир тууганымды баары билет, ал мындай иштерге дегеле барбайт. Мен милициядан акыйкаттыкты жана ишти туура териштирип берүүнү суранам", - деди ал.






Социалдык тармакта эки киши карыяны унаада коркутуп бара жаткан видео тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
31.05.2021. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар ооруулу адам мнда ушинтип тамашалайсынарбы((( кулгонунорчу( ал жерде соз болбоптурго уят жеринди коргозбо деген
31.05.2021. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кун жумушка текшеруу келип калды,коопсуздук боюнча.Суроо берип жатат жумушчуларга.Шеригине токтун зымы тушуп кетип жатып калды,сенин аракетин кандай болот?.Жооп: Телефонго тартып [moderated]ка жуктоймун.Бир жумушчунун артынан проверкадан отпой калдык.
Бул балдар да ушундай акылсыз,оюу кыска экен да.Жардам беруунун ордуна,жанды кейитип акылсыздыктарын корсотушкон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: