super.kg logo

Абакта отурган учурда ата-энеси, бир тууганы каза болгон. АКШда 32 жылын бейкүнөө камакта өткөргөн адам эркиндикке чыкты

 

АКШнын өмүр бою эркиндигинен ажыратылган жараны түрмөдө 32 жыл отургандан кийин акталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Гилберт Ли Пул 1988-жылы адам өлтүрүүгө айыпталып кармалган. 1989-жылы сот 22 жаштагы Пулду мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу укугусуз өмүр бою эркинен ажыраткан. Сот мындай чечимди айыпталуучунун сүйлөшкөн кызынын жалган көрсөтмөсүнөн улам чыгарган. Мындан сырткары бир нече күбө Пулдун бычак көтөрүп, өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн айткан.

ДНК анализи Пулдун кылмыш болгон жерде болбогондугун көргөзгөнү менен 1989-жылдагы мыйзамга ылайык, мындай анализ тергөө тарабынан эске алынган эмес.

Бейкүнөө абакта отурган жаранды бошотуу аракети 10 жыл мурда башталып, Пулдун жактоочулары кайрадан ДНК анализин жасоого жетишишкен. Жыйынтыгында, кылмыш болгон жердеги кан тамчылары каза болгон адамга да, айыпталуучуга да тиешелүү эмес экени аныкталган.

Буга байланыштуу сот ушул жылдын 26-майында Гилберт Ли Пулду актоо чечимин чыгарган.

"Абакта отурган учурда атам, апам жана бир тууганым каза болду. Мени эркиндикке алып чыккан жактоочуларым менин жаңы үй-бүлөм болуп калды. Учурда акырындык менен жаңы жашоого көнүп жатам. Өмүрүмдө биринчи жолу уюлдук телефонду колума кармап көрдүм. Унаа айдагандан азырынча коркуп турам", - деп билдирген Пул.

Маалымдалгандай, абакта бейкүнөө отурган ар бир жылы үчүн Пулга 50 миң доллардан компенсация төлөнүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
31.05.2021. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Компенсация өтө азго 32 жылга 1 миллион 600 миң доллар,же адашып жазды автор
31.05.2021. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Tursunbaev1978, бул акча аз эмес омурунун акырына чейин жеткирсе болот
31.05.2021. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurdan2018,тууган америкда жеткире албайсын, дагы бир ушундай окуяда канчада милн тологон болчу, бул адамга азырак бериптир
31.05.2021. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир жарым миллион азбы?
31.05.2021. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aksy.1989,бизге көп,Америкада бир жарым миллион сом дегендей эле да бул акча,мен 32 жылдык текке кеткен өмүрүнө салыштырып жазып атам
31.05.2021. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылына 4 200 000 сомдон толоп турат
31.05.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар баарыңар акчасын санап кирдиңер.
32 жыл өмүрүн эске эч ким албады. Бул жылдар кайтарылбайт. Жашоо дагы 32 жылда алда канча өзгөрүп кетти. Мындайча айтканда СССРдеги адам, биздин заманга келип калгандай эле.
31.05.2021. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоодо да эч кимиси жок. Жалгыздык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: