super.kg logo

Актёр Стивен Сигал "Справедливая Россия" партиясынын мүчөсү болду

 

Актёр жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин орус-америкалык гуманитардык байланыштар боюнча атайын өкүлү Стивен Сигал "Справедливая Россия" партиясынын мүчөсү болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, депутаттар палатасынын ишемби күнкү отурумунда Сигал партиялык билет алган.

"Актёрдун айтымында, анын артыкчылыктуу багыттары экологиялык кылмыштар менен күрөшүү жана Байкал көлүн коргоо болот. Сигал ошондой эле бул көйгөйгө аябай тынчсызданып жаткандыгын баса белгилеп, космосту демилитаризациялоого чакырды", - деп жазылат маалыматта.

Актёр 2016-жылы Орусиянын жарандыгын алган. Көпчүлүк учурда ал Орусияда иштеп, жашап келет. Мыйзамга ылайык, Орусия Федерациясынын 18 жашка толгон жарандары саясий партиянын мүчөсү боло алышат.

Бирок ал Американын дагы жараны болгондуктан, мамлекеттик Думага талапкерлигин коё албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: