super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Талас облустук драма театрдын курулушун көзөмөлдөйт

 
Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 2007-жылы курулушу башталып бүтпөй жаткан Талас облустук драма театрынын курулушун көзөмөлдөйт. Бул тууралуу 23-октябрда  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Комитеттин облуста өткөн кезектеги көчмө жыйынында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева социалдык объектилер боюнча маалымат берип, кемчиликтерди жоюуда жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө тармактык комитеттин колдоосуна муктаж экенин баса белгиледи. Ошондой эле жыйында бала бакча, архив кызматкерлеринин маянасынын аздыгы өңдүү суроо-талаптар менен ар кандай сунуш, пикирлер айтылып, соңунда айтылган сунуштарды Өкмөткө жолдоо боюнча чечим кабыл алынды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: