super.kg logo
  Саясат  

Ак-Тамдагы чек ара заставасы үчүн 35 миллион сомго салынган жаңы имараттын курулушу аяктоодо

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Там чек ара тозотунун жаңы салынып жаткан курулушу үчүн 35 миллион сомго жакын акча каражаты жумшалган. Бул тууралуу вице-премьер Токон Мамытов Жалал-Абад облусуна болгон сапарында бүгүн, 23-октябрда билдирди. Анын сөзүнө караганда имарат АКШнын каражатына курулуп жатат. Жана ал колдонулууга ноябрда берилет, 45 орунга эсептелген. "Учурда чек ара тозотунун кызматкерлери жашаганга ылайыктуу имарат жок, мончонун имаратында жашап жатат. Жаңы имаратта болсо ашкана, офицерлер үчүн бөлмөлөр, кызматкерлер үчүн жалпы бөлмө, даараткана, душ жана башкалар бар",-деп  аталган заставанын улук лейтенанты Данил Мамаев жаңы курулушту сүрөттөп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: