super.kg logo

Түркмөнстанда нан тартыштыгы күчөп, кезек күткөндөр көп

 

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда, Балкан жана Дашогуз облусунда нан тартыштыгы күчөп, борбор калаада жеке соодагерлердин наны эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, март айында Лебап облусунун жашоочулары бул өнүмдүн жетишсиздигине нааразы болушкан. Ал эми май айынын ортосунда Балкан облусунун шаарларынын биринин тургуну нан үчүн кезектеги уруш жөнүндө айтып чыккан. Эми бир-эки жумадан кийин мындай окуялар кадимки көрүнүшкө айланганы маалым болду.

"Дүкөндөрдөгү уруштар аябай коркунучтуу, нан жетишсиз, ун жок" деген жергиликтүү тургун. "Эшикте ысык, кезекте тургандардын кан басымы көтөрүлүп, кээ бирлери алсырап калышты. Нан эртең менен гана сатылат, үй-бүлөнүн чоңдугуна карабастан бир үй-бүлөгө экиден ашык нан сатылбайт. Нанды сатып алган соң элдин арасынан чыгып кетүү кыйын", - деп кошумчалаган шаар тургуну.

Мамлекеттик дүкөндө бир нан 0,5 манат (11 сом 97 тыйын), ал эми Балканда жеке соодагерлерден алынган жалпак нан 4 манат (95 сом 74 тыйын) турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.05.2021. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудаай! Кыргызстан да жашаганыма шугур.
31.05.2021. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чексиз шүгүрлөр болсун.
31.05.2021. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол кезек куткон жерден баарын ак уйунорду коздой барып,президентинерди кууп салгыла да. Ушунча да коркок болосунарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: