super.kg logo

ИИМ: "Миң доллар пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды"

 

Бишкекте опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү ИИМге У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси "опузалап пара алуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө, жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң долларын талап кылганы аныкталган.

31-май күнү ИИМдин кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында, Бакаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1000 доллар алып жаткан учурда ИИМдин күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты А.А. кармалды.

Мындан сырткары баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда ал баңгизат пайдалангандыгы аныкталды. Учурда мындан аркы иликтөөнү УКМК жүргүзүп жатат", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
01.06.2021. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рас болуптур жетим
02.06.2021. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде магниттер жокбу? Фин.полиция кимдин короосунан таш терип келди?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: