Бир суткада 382 адамдан коронавирус илдети аныкталса, эң көбү Бишкекте катталды
Соңку 24 саат аралыгында өлкө боюнча 382 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 1-июнга карата илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары -184;
Ош шаары - 40;
Чүй облусу - 70;
Ош облусу - 24;
Талас облусу - 2;
Нарын облусу -10;
Ысык-Көл облусу - 27;
Жалал-Абад облусу - 20;
Баткен облусу - 5.
Муну менен республика боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 105 миң 111 болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.