Шектүүнүн бири жергиликтүү кеңештин депутаты. Ошто опузалап талап кылуу фактысына шектелип эки жаран кармалды






Ош облусунда 10 миң доллар акча опузалап талап кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-майда Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 24-майдан тарта Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык участкасында жайгашкан соода борборуна келип, арыз ээсине бейтааныш болгон жаран шериги менен бирге коркутуу менен опузалап 10 миң долларын талап кылып келгендигин жазган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-беренеси "опузалап талап кылуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Араван районунун Кесек айылынын 33 жаштагы тургуну жана анын шериги ошол эле айылдын 28 жаштагы тургуну арыз ээсинен опузалап талап кылган акча каражаттарынын ичинен 3 миң доллар акчасын алып жаткан жеринен кармалган. Натыйжада, жабырлануучудан өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылышып, жалпысынан үч миң доллар түзгөн олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн бири 28 жаштагы тургун 30-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 31-май күнү баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ал эми 33 жаштагы шектүү 31-май күнү Ош шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул жарандын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Араван районунун айылдарынын биринде жергиликтүү кеңештин депутаты экендиги жана мурда укук коргоо органында иштеп кеткендиги белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Shabi

01.06.2021. 12:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тилеке каршы азыр жергиликтуу кенешке,билимдуулор эмес.Чон муштум,чон акчалары барлар келе алышат.Ал бетте баардык жакта,баары эмес.
Dastanali

01.06.2021. 12:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.