super.kg logo

MegaCom компаниясы жаш кыргызстандыктарды Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 1-июнда дүйнө жүзүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Адатка айлангандай эле MegaCom уюлдук оператору балдар үйүнүн тарбиялануучуларына майрамдык иш-чараларды уюштурду.

Компания жетекчилиги жана MegaCom'дун аймактардагы өкүлдөрү Оштогу №12 көмөк интернат-мектепке жана Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине барышты. Уюлдук оператордун жамаатынын атынан балдарга таттуулар, белектер жакшы тилектерди каалоо менен тапшырылды.

Буга жооп кылып социалдык мекемелердин тарбиялануучулары ачык маанай, жагымдуу эмоциялары менен концерттик ыр-бийлерди тартуулашты.

"Биз мамлекеттин жана бизнестин колдоосуна муктаж болгон кыргызстандык балдардын жаркын келечеги үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Биз балдарга канчалык көп мээрим, камкордук берип, көп көңүл бурсак ошончолук дени сак, бактылуу, билимдүү, дилгир муун өсүп жетилет, - деди өз сөзүндө «Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Азат Базаркулов. "MegaCom социалдык мекемелердин тарбиялануучуларына алардын өнүгүүсү жана социалдык адаптациясы жакшы болушу үчүн байма-бай жардам көрсөтүп турат".

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Сокулук райондук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбору дагы көңүлдөн сырт калган жок. Аталган жайда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дарылануудан өтөт. Уюлдук оператордун аталган борборго барган кызматкерлери балдарга шейшептерди жана таттууларды белекке берип кубандырышты.


Эске салсак, MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында жыл сайын Балдарды коргоо күнүнө жана Жаңы жыл майрамына карата социалдык мекемелерге барып майрамдык маанай тартуулашат. Ата мекендик уюлдук оператор алдын ала балдар үйү, мектеп, интернат жана жалпы социалдык мекемелердин администрациялары менен сүйлөшүп, зарыл нерселерин такташып андан соң керектүү буюмдарды, күнүмдүк тиричилик техникаларын, эмеректерди белек кылат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: