super.kg logo

"Акнет" компаниясы Олимпиада оюндарын трансляциялоо укугуна ээ болду

 

“Акнет” компаниясы Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарын жана Пекин Кышкы Олимпиада оюндарын трансляциялоо үчүн расмий лицензия ээси болгонун билдирүүгө кубанычтабыз!

28-майда “Акнет” компаниясынын президенти Нурбек Абасканов менен КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев Олимпиада оюндарын көрсөтүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бул компания үчүн дагы, жалпы Кыргыз мамлекетиндеги медиа мейкиндиги үчүн дагы маанилүү окуя.

КТРК менен биргеликте Олимпиада оюндарынын сапаттуу берүүсү камсыздалат, КТРК буга чейин дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды көрсөтүү боюнча эбегейсиз тажрыйбага ээ экендигин эске алабыз!

2020-жылкы Олимпиада оюндарын КТРК жана КТРК-спорт телеканалдарынан бардыгы көрө алышат, бул эки телеканал тең башка провайдерлердин тармактарында жана мамлекеттик санариптик телекөрсөтүүлөрдүн жыштыктарында бар.

“Акнет” компаниясынын колдоосу менен бардык көрүүчүлөр жана спорт күйөрмандары дүйнөлүк спорттук иш-чараларды түз эфирде көрө алышат.

Компания абоненттер үчүн Олимпиаданы сапаттуу жана ыңгайлуу көрүүнү камсыз кылууну пландап жатат.

Олимпиаданы “Акнет” менен биргеликте көрүңүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: